Бишкекте өтүп жаткан IV Элдик курултайда президент Садыр Жапаров криминалга жана коррупцияга каршы күрөш жакшы жыйынтыктарды бергенин айтты.
Ал антикоррупциялык реформалар толук жыйынтык бергиче улантыларын билдирди.
"Эрежелер ачык-айкын: уурдасаң – камаласың, мамлекеттин, элдин байлыгын талап-тоносоң – камаласың, пара берсең жана алсаң – камаласың. Мыйзам баарына бирдей болушу керек", - деди өлкө башчы.
Айтымында, ондогон жылдар бою криминалды күчөткөн, багып келген жашыруун схемалар учурда аныкталып, алардын башы гана эмес, тамыры да кыйылууда.
"Туруктуу күрөштүн аркасында УКМК, прокуратура, ИИМ соттолгон кылмышкерлерден жана коррупционерлерден жүздөгөн миллиардаган сомдорду бюджетке кайтарышты. Булар – мурда криминалдар менен коррупционерлердин чөнтөгүнө кетип турган мамлекеттин, элдин ырыскысы болчу. Биз тазалануу жолундабыз жана андан артка кайтпайбыз. Биз мыйзам түз жүргөн адамдарга калканч, кылмышкерлерге кылыч боло турчу Кыргызстанды куруп жатабыз”, - деди.