Печать
Категория: Саясат
Просмотров: 1083

Бишкекте өтүп жаткан IV Элдик курултайда президент Садыр Жапаров аймактарды өнүктүрүүгө багытталган иштер тууралуу маалымат берди. 

Айтымында, буга чейин кыял гана болгон көп нерселер бүгүнкү күндө реалдуулукка айланып, аймактарды колдоо миллиарддаган сомго жетүүдө. 

"Бир аймакка көп, дагы бир аймакка аз каражат бөлүнүп жатат дегендер да бар. Бирок бул биздин ынтымагыбызды бузуп-жарууну көздөгөндөрдүн гана чыгарганы. Мамлекет үчүн бардык аймак бирдей жана баары тең укукта өнүгүшү керек. Анын бир мисалы, эгемендүүлүк майрамын жыл сайын ар башка облустарда өткөрө турган салтыбыз. 2026-жылы бул күн Талас облусунда белгиленет. Бул менин ар бир облус мамлекет үчүн өзгөчө мааниге ээ экенин билдиребиз", - деди президент. 

Ошондой эле ал жергиликтүү бийлик өкүлдөрүнө кайрылып, бөлүнгөн каражаттарды натыйжалуу жумшоого чакырды. 

"Мамлекет каржылоону уланта беребиз, а сиздер ар бир тыйынды элдин пайдасына жумшаңыздар. Өзүңөрдү күчтөндүрүүгө, дотациядан чыгууга тийишсиңер. Бөлүнгөн акчанын жарымын жеп алчу болбогула", - деди.