Гүлзат Исаматова илим, жогорку билим берүү жана инновациялар министринин милдетин аткаруучу болуп дайындалды. Тиешелүү жарлыкка президент Садыр Жапаров кол койду.
Ал буга чейин 10 жыл Бишкек гуманитардык университетинин алдындагы Конфуций институтун жетектеп келген.
Эске салсак, мурдагы министр Бактияр Орозов 15-декабрда кызматтан алынган.