Кечээ, 24-декабрдагы Жогорку Кеңештин жыйынында депутаттар Каныбек Досмамбетовду Саламаттык сактоо министри кызматына дайындоого макулдук берди.
Каныбек Досмамбетовдун министрлик кызматка сунушталышы саясий чечим экенин белгилеген Төрага: “Мен дайыма маданият, билим берүү, саламаттыкты сактоо тармагы сыяктуу социалдык чөйрөгө ишти мыкты уюштурган, менеджерлерди жетекчи кылууга мезгил жетти деп айтып келем. Сөзсүз эле ырчы-чоорчу маданият министри, ак халатчандар саламаттыкты сактоо министри болуп, сөзсүз эле билим берүү тармагын мугалим жетектеши шарт эмес. Дүйнө жүзүндө, өнүккөн батыш өлкөлөрүндө, ал тургай Жапония, Корея мамлекеттеринде да министрликтерди көбүнчө менеджерлер башкарат”, – деди.