Печать
Категория: Саясат
Просмотров: 363

Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев салтанаттуу иш-чарага катышып, анда министрлер кабинетинин Ардак грамоталарын жана минкаб төрагасынын алкышын тапшырды.

Сыйлыктарда өлкөнүн өнүгүшүнө кошкон зор салымы үчүн бир катар жарандардын жана мамлекеттик кызматкерлердин жетишкендиктери белгиленди.

Сыйлыктар бир нече негизги багыттар боюнча берилди. Атап айтканда, Кыргызстандын социалдык-экономикалык өнүгүүсүнө жана интеллектуалдык потенциалын чыңдоого зор салым кошкон инсандар, ошондой эле кесиптик ишмердүүлүгүндө өзгөчө жетишкендиктерди көрсөткөн инсандар белгиленди.

Мындан тышкары, Адылбек Касымалиевдин атынан бир катар жарандарга ак эмгеги, ак ниети, мамлекеттик тапшырмаларды жана демилгелерди ишке ашырууга активдүү катышкандыгы үчүн алкыш билдирилди.

Булак: Кабар