Жогорку Кеңештин жыйындарына келбеген депутаттардын айлык акысы кыскартылат, деп билдирди парламенттин төрагасы Нурланбек Тургунбек уулу.
Парламенттин комитеттери, алардын жетекчилери түзүлдү. Буга байланыштуу спикер депутаттарды комитеттердин жыйындарына активдүү катышууга чакырды.
«Биз сүйлөшкөнбүз, негизги маселелер комитеттерде каралат. Комитеттердин чогулуштарына активдүү катышыңыздар. Мыйзам долбоорлору толук талкууланып, андан кийин пленардык жыйынга чыгышы керек. Эскертүү иретинде айтып коеюн, эмки жумада карала турган маселелер абдан көп. Шайлоого байланыштуу жыйындар өтпөй, зарыл мыйзам долбоорлору күтүп турат. Ошондуктан кийинки жумага ишчара пландабаңыздар! Тартип катуу болот. Себеби жок келбеген депутаттардын маянасын кыркабыз, аттарын жарыялайбыз», - деди ал.
Булак: Баракелде