Печать
Категория: Саясат
Просмотров: 330

Бүгүн, 17-декабрда Жогорку Кеңештин 8-чакырылышынын алгачкы жыйыны өтүп, жаңы шайланып келген депутаттар ант берип ишине расмий киришти.

Ошондой эле жыйында Жогорку Кеңештин төрагасын шайлоо маселеси да каралып, Нурланбек Тургунбек уулу Жогорку Кеңештин 8-чакырылышынын төрагасы болуп шайланды.

Ал эми төраганын биринчи орун басары Чынгыз Ажибаев, депутаттар Карим Ханжеза жана Жылдыз Таалайбек кыз төраганын орун басарлары болушту.

Жогорку Кеңешке мөөнөтүнөн мурда шайлоо 30-ноябрда өтүп, 90 мандаттын 87сине депутат шайланган. Ал эми №13 округдагы добуш берүүнүн жыйынтыгы жокко чыгарылган.

Булак: govori.tv