Печать
Категория: Саясат
Просмотров: 594

Президент Садыр Жапаров Жогорку Кеңештин 8-чакырылышынын алгачкы жыйынында онлайн добуш берүү ыкмасын киргизүү биздин өлкө үчүн эртелик кылаарын айтты. 

"Эл аралык байкоочуларды шайлоонун эртеси күнү кабыл алгам. Бирок добуш берүү учурундагы видеолорду көргөн эмесмин, кечээ добуш сатып алууга аракет кылгандарды көрүп төбө чачым тик турду. Кыргызстанга үйдөн отуруп онлайн добуш берүү ыкмасын киргизүү эрте экенине көзүм жетти. Качан гана талапкерлердин, саясатчылардын жана добушун саткан шайлоочулардын көзү ачылып, оңолгондо өтсөк болот", - деди президент.