Печать
Категория: Саясат
Просмотров: 493

Жогорку Кеңештин 8-чакырылышынын биринчи жыйынында президент Садыр Жапаров эгемендүүлүк алгандан кийин Кыргызстан өнүгүү жагынан коңшу өлкөлөрдөн артта калып кетүүсүнүн башкы себебин атады. 

Айтымында, бул - кадрдык маселе. 

"Кадрдык ачкачылык пайда болгон. Кызматка эч ким өз алдынча бара алган эмес, сөзсүз тааныш же туугандары болушу керек эле. Алар аркылуу орношкон. Ал адам ошол кызматка татыктуубу, билими, тажрыйбасы барбы - эч кимди ойлондурган эмес. Анын айынан иш билги, кесипкөй адистерди чет өлкөлөргө качырып алдык", - деди президент. 

Ал кадр жаатындагы көйгөйлөрдү чечүү максатында Чолпон-Ата шаарына"Акылман" президенттик мектепти ачканын, анда учурда өлкөнүн булуң-бурчунан келген 260 окуучу билим алып жатканын белгиледи. 

"Бул мектепке өлкөдөгү таланттуу, жөндөмдүү балдар тандалып алынды. Аларга сапаттуу билим берилип, келечекте чет өлкөлөргө жөнөтөбүз. Ал жактан окуусун бүтүп келгендерди келечекте мамлекет милдеттүү түрдө жумушка алат. Анткени алардын билимине учурда казынадан миллиарддаган суммаларды коротуп, мамлекеттик башкаруунун келечектеги кадрларын даярдап жатабыз", - деди. 

Ошондой эле, өлкө башчы мындай мектептер келечекте өлкөнүн 7 облусунда тең ачылаарын кошумчалады.