Печать
Категория: Саясат
Просмотров: 325

1434058.8d5d81eb203f26fed13104dc44d91aa0.jpg

Кыргыз Республикасынын илим, жогорку билим берүү жана инновациялар министри Орозов Бактияр Сайпидинович мамлекеттик жана муниципалдык кызматчылардын этикасынын ченемдеринин талаптарын сактабагандыгына байланыштуу ээлеген кызмат ордунан бошотулду. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы билдирди.   

Тийиштүү жарлыкка өлкө башчы Садыр Жапаров кол койгон.

Орозов аталган министрликти 7 ай жетектеди.