Печать
Категория: Саясат
Просмотров: 1456

Кыргызстан - бандиттерге, коррупционерлерге жана паракорлорго эмес, кыргыз элине таандык. 

Саясий ураанды катуу кыйкырып чыгуу - бул башка нерсе. 

Ал эми иш жүзүндө кылмыштуу акциздерден ондогон, жүздөгөн миллиондорду, көмүскө криминалдык агымдарды, ар кандай ири долбоорлор аркылуу бюджеттик миллиондорду чыгарып кетүүнү аныктоо такыр башка. 

 Бул өлкөнү жыл сайын, саат сайын, мүнөт сайын тоноп келишкен. 

Жүздөгөн кландык үй-бүлөлөр пайда болгон, алар байышып, майланышып, андан соң такыр эле криминалга аралашып кетишкен. 

Акыры келип улуттук интеллигенциянын өкүлдөрүнө кызын, неберелерин криминалдык дүйнөнүн башында тургандардын уулдарына турмушка узатуу сыймыкка айланган. 

Жыйынтыгында, криминал коррупцияланышкан кыргыз бийлиги үчүн таасирдүү күчкө айланган. 

Так ушундай фондо Камчыбек Ташиев коррупцияга каршы күрөштү баштады. 

Болгондо да кыргыз спецификасындагы көп бутактуу коррупцияга каршы: 

*криминалдык коррупция;

*кландык коррупция;

*олигархтык коррупция;

*тармактык коррупция;

*тиричилик коррупция. 

"Ушул акча агымдарында семиргендердин баары камакка алынат", - деп беш жыл мурда, ишмердүүлүгүн баштоо алдында Камчыбек Ташиев убада берген жана андан соң кылмыштуу элементтердин бандаларын кармоо жана куралсыздандыруу максатында Кыргызстандын аймагында бир катар антикриминалдык операцияларды ишке киргизди. 

9-декабрда, Коррупцияга каршы күрөшүүнүн эл аралык күнүндө Ташиев маек берип, анда катаал камакка алуулардан тышкары, камакка алынган коррупциялык элементтер кайрадан "бийликке кирип кетпеши" үчүн кылмыш мыйзамдарына болуп көрбөгөндөй жоболорду киргизүү демилгеси менен чыгууга аргасыз болгонун эске салды.

Ошентип, мыйзамдарга тосмолор коюлду.

Коррупция боюнча соттолгондордун жакын туугандары мындан ары мамлекеттик кызматта иштей алышпайт.

КР Улуттук коопсуздук кызматынын башчысынын айтымында, таасирдүү чиновниктер менен олигархтар камакка алынгандан кийин мыйзамга тиешелүү өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү чечими кабыл алынды. Ташиев белгилегендей, өлкө "мыйзамдагы уурулардан" толугу менен арылганга чейин кылмыштуулукка каршы күрөшүүгө убада берген.

Кылмыштуу топтор жок кылынгандан соң мурдагы жана учурдагы министрлердин, соттордун, жогорку даражалуу чиновниктердин ишмердүүлүгүн иликтөө уланууда. 

УКМК ар кандай документацияны талап кылууга жана эскертпей туруп камакка алууга укуктуу. 

Эч ким кол тийгис эмес - бул Ташиев таянган негизги принцип. 

Катаал мыйзамдар жана оор жазалар, кылмыш жоопкерчилигинин күчөшү - коррупциянын тамырын кыркууга зарыл чаралар. 

Мамлекеттик акчаны уурдоого каршы жаза чараларын коррупцияны өтө кооптуу кыла тургандай деңгээлге чейин күчөтүү:

- абакка узак мөөнөткө кесүү;

- ири айыппулдар (көбүнчө - мүлктү конфискациялоо);

- "мыйзамсыз баюу" түшүнүгүн кеңейтүү - жаран байлыгы мыйзамдуу жол менен топтолгонун далилдеши керек...

Ошондо гана коррупцияны азайтуу жана андан ары такыр эле жок кылуу мүмкүн. 

Ташиев тандап алган жол - ушундай. Ал жеңил эмес, көп курмандыктарды талап кылат. 

Туугандарын камоого туура келди, көптөгөн досторунан кол үздү, чөйрөсү тарыды. 

Мунун баары Кыргызстанды коррупцияга баткан чабал өлкөдөн чөлкөмгө - Борбор Азиянга үлгү боло турган натыйжалуу башкарууга ээ өлкөгө айлантуу үчүн. 

Баарыбызга ушул оор, бирок татыктуу жана эң башкысы Кудайга жаккан миссияда ийгилик каалайм...

Ооба, биздин 1991-жылдан кийинки жаңы тарыхыбызда коомубузду ичинен кемирген коррупция жана криминал менен сөз жүзүндө эмес, иш жүзүндө күрөшкөн, аты чоң тамга менен жазыла турган бир адам табылды. Анын ишмердүүлүгү тууралуу ким эмне деп айтпасын, ал жасаган иштерди башка эч ким жасай албайт! Ал принципиалдуулугу жана бул коомдун коркунучтуу душманы менен аеосуз күрөшкөнү үчүн тарыхка алда качан кирди. 

Карапайым адамдардын баары анын жасаган иштерин көрүп турушат жана ага болгон сый-урматы терең. 

Элдин сый-урматынын бийик турган эмне бар дейсиз. Эч бир сыйлык буга тең келе албайт!   

Гүлмира Тыналиева