Печать
Категория: Саясат
Просмотров: 404

Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев   11-12-декабрда Россиянын Москва шаарына иш сапары менен барат.

Минкаб төрагасы иш сапарынын алкагында Евразия өкмөттөр аралык кеңешинин кезектеги жыйынына, ошондой эле илим жана технологиялар жаатындагы кызматташтык боюнча эл аралык конференцияга катышат.