Печать
Категория: Саясат
Просмотров: 537

Бүгүн, 9-декабрь Бүткүл дүйнөлүк коррупцияга каршы күрөшүү күнү. Буга байланыштуу УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев "Регион" телеканалына маек берди. 

Анда УКМК төрагасы Кыргызстандагы коррупцияга каршы күрөш 2020-жылдан башталып, 2024-жылдары катуу күчөгөнүн билдирди. 

"Бул күрөш мамлекетибиздин тарыхында болуп көрбөгөндөй күрөштү жаратты. Коррупция жөнөкөй адамдардын арасында эмес, бул көбүнчө мамлекеттик органдарда болот. Анын арасындагы коррупцияны жоюу, жөнгө салуу же кайсы бир деңгээлде иреттөө - биздин негизги милдеттерибиздин бири. Мамлекеттик органдардагы коррупция бюджеттик каражаттарды бөлүштүрүүдө, пайдаланууда жана жыйынтык чыгарууда жаралат. Жетекчилер кызматтык абалын пайдалануу менен бюджеттик каражаттарды жеке кызыкчылыгына ыйгарып алышат", - деди Камчыбек Ташиев. 

Ал 2020-жылы президент Садыр Жапаров бийликке келээри менен биринчи маселе катары уюшкан кылмыштуу топторго жана коррупцияга каршы күрөштү көтөргөнүн, ушул эки жат көрүнүш жокко чыгарылса, өлкөдөгү өзгөрүүлөр: өсүү, өнүгүү ылдам жана натыйжалуу болооруна көзү жеткенин белгиледи. Бирок айтымында, бийлик алгач күчүн чек араларды тактоого бурган. 

"2020-жылдан 2024-жылдын аягына чейин көп убактыбызды, күч-аракетибизди чек ара маселелерин чечүүгө жумшадык. Себеби, бул дагы мамлекеттеги орчундуу маселе болгон. Аны чечсек, ички коопсуздукту камсыз кылабыз деген ой туулган. Коңшу Өзбекстан жана Тажикстан менен биздин мамлекетибизге ыңгайлуу, эли-журтубузга керектүү шарттар менен чек араны чечтик. Анан 2025-жылдан тартып коррупцияга каршы күрөштү күчөттүк", - деди УКМК төрагасы. 

Камчыбек Ташиев башында коррупция менен кармалгандарга мыйзам бир топ жумшактык кылганын, айрым беренелерге ылайык, айыпталуучу мамлекетке келтирген зыяндын ордун толуктап берсе, тергөө менен кызматташса, кылган кылмышын моюнуна алса - ушул үч элемент анын бир топ жеңил жаза алуусун шарттачу. Мындайда соттор аларды пробацияга же айыппул төлөтүү жолу менен эркиндикке чыгарчу. 

"Ооба, биз кармап жаттык, мал-мүлкүн конфискацияладык, бирок айыпталуучу андан ары эркиндикке чыгып кетип жатты. Эл бизге айтып баштады: эмнеге чыгарып атасыңар, мал-мүлкүн алганыңар менен кечээ коррупцияга барып, кармалган адам бүгүн тойдо жүрбөйбү? Эмнеге жазалабайсыңар, эмнеге камабайсыңар? Бул туура талап болчу. Анткени мен дагы ушундай бир ыңгайсыз абалга кабылгам. Куран окутууга барып калсам, биз коррупцияга айыптап камаган, мурда чоң чиновник болуп жүргөн адам жанымда отуруп калды. Анын завод-фабрикасын мамлекетке алганбыз, бирок өзү соттон чыгып кеткен. Өзүмдү абдан жаман сездим, жеген тамагым кекиртегиме тыгылып калгандай болду. Анан дагы коррупция менен кармалгандардын басымдуу бөлүгү мамлекеттик кызматтарда иштеген да. Айыппул төлөп чыгышкандан кийин соттуулугун жоюп туруп, кайра мамлекеттик кызматка барып, кайра эле коррупцияга аралашкандар болду. Адам оңолбойт экен да", - деди Ташиев. 

Ал мындан улам жазаны катаалдаштырууну туура деп табышканын, мал-мүлкүн алуу мамлекетке пайдасын тийгизгени менен элдин аң сезиминдеги коррупцияга каршы күрөш тууралуу түшүнүккө анчалык натыйжа бербей жатканын түшүнүшкөнүн кошумчалады. 

"Бир топ мыйзамдарга чоң өзгөртүү киргиздик. 2024-жылдын 30-декабрында ага президентибиз кол койду. Эми ошондо кабыл алынган мыйзамга ылайык, коррупция менен кармалган адам күнөөүн моюнуна алса, тергөө менен кызматташса, мамлекетке келтирген зыянды төлөсө дагы, коррупциялык беренеде көрсөтүлгөн абак мөөнөтүнүн жарымын өтөшү керек. Мисалы, 12 жыл каралса, анын 6 жылын абакта өткөрөт. Негизи коррупцияга мөөнөт 7 жылдан башталат, анда мисалы, 3,5 жыл. 

Андан тышкары коррупцияга менен соттолгон жарандын жакын туугандары: аялы/күйөөсү, бала-чакасы, бир туугандары мамлекеттик кызматка келе алышпайт. Мамлекеттик кызматта болсо бошотулат. Бул мыйзам 2025-жылдын 25-январында күчүнө кирди. Ошол убакыттан кийин коррупция менен кармалгандардын баарына ушул нормалар иштейт", - деди Камчыбек Ташиев.