2025-жылдын 3-декабрында Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровдун Пакистан Ислам Республикасына болгон мамлекеттик визитинин алкагында Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев Пакистан Ислам Республикасынын Премьер-министринин орун басары, Тышкы иштер министри Мухаммад Исхак Дар менен эки тараптуу жолугушуу өткөрдү.
Жолугушуу учурунда эки тараптуу күн тартибиндеги кеңири чөйрөдөгү маселелер боюнча ачык жана конструктивдүү пикир алмашуу болду. Алар саясий диалогду мындан ары чыңдоо жана өз ара урмат-сый менен ишенимге негизделген ар тараптуу кызматташууну өркүндөтүүгө бекем берилгендигин тастыкташты.
Министр Ж.Кулубаев соода-экономикалык, транспорт-логистикалык, инвестициялык жана маданий-гуманитардык кызматташтыкты активдештирүү зарылдыгын өзгөчө белгиледи. Ал бул багыттардагы өз ара аракеттенүүнүн кеңейиши эки өлкөнүн ишкерлеринин байланышын тереңдетип, өз ара соода жүгүртүүнүн көлөмүнүн олуттуу өсүшүнө өбөлгө түзөрүн айтты.
Ошондой эле тараптар регионалдык коопсуздук маселелерин талкуулап, заманбап чакырыктарга жана коркунучтарга каршы күрөштө аракеттерди координациялоонун маанилүүлүгүн белгилешти. Бул тармакта тиешелүү мамлекеттик органдардын өз ара байланышын күчөтүүгө кызыкдар экендиктери айтылды.
Көп тараптуу кызматташтык жаатында Ж.Кулубаев Пакистан тарабына Кыргызстандын 2026-жылы ШКУга төрагалык кылары жөнүндө маалымат берди жана Пакистандын активдүү катышуусуна жана колдоосуна үмүт артты.
Жолугушуунун жыйынтыгында Президент С.Жапаровдун мамлекеттик сапары кыргыз-пакистан алакаларын бардык багыттарда чыңдоо жана кеңейтүүдө жаңы этап болоруна жалпы үмүт билдирилди. Анда эки өлкөнүн ар тараптуу мамилелерди мындан ары да туруктуу түрдө тереңдетүү боюнча ишти улантууга даяр экендиктери тастыкталды.
