Министрлер Кабинетинин төрагасынын орун басары - УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев Бишкектеги № 1046 шайлоо тилкесине добуш берүүгө келди.
"Бардык маселе тез арада чечилди. Азыр толук бойдон шайлоо жүрүп жатат, эч жерде, эч кандай кооптуу маселе жок. Шайлоочуларга, талапкерлерге бардык шарттар түзүлдү. Элибиздин каалаган талапкерин шайлап алууга мүмкүнчүлүк түздүк", - деди ал.
Ал өзү да жарандык милдетин аткарып, "мамлекетибиздин тынчтыгы, келечеги, туруктуулугу үчүн добуш бергенин" белгиледи.
"Себеби бул депутаттарыбыз келечектеги беш жылда мамлекеттеги бардык саясий өңүттөгү маселелерди чечишет", - деди Ташиев.
Ошондой эле, ал добуш сатып алуу сыяктуу мыйзамсыз көрүнүштөр бул сапар болбой турганын айтты:
"Бул шайлоо системасынын аналогу жок. Мурдагы Советтер союзунун курамындагы мамлекеттердин, керек болсо Европанын өлкөлөрүндө аналогу жок шайлоо болуп атат. Шайлоочу каалаган шайлоо тилкесине барып добушун бере алат. Мурдагыдай тизме түзүү, адамдарды топтоп алып келүү, кошумча бюллетендерди чыгаруу такыр жоюлду. Бул биринчиден электрондук түрдө, экинчиден журналга да жазылып текшерилип турат. Кыскача айтканда, ушунчалык таза, дыкат жана ишенимдүү болот. Дүйнөлүк коомчулук буга өзү ынанат деп ойлойм”, - деди Камчыбек Ташиев.