Бишкекте өткөн ЖККУ жыйынына келген Беларусь президенти Александр Лукашенко журналисттердин суроолоруна жооп берип жатып, Кыргызстандын мурдагы президенти Курманбек Бакиев тууралуу айтып берди.
"Ал жакшы жашап жатат. Биз аны силерге жөнөтпөйбүз. Мен ага эч жакка чыкпай эле кой деп айтып жатам. Жашоосу жакшы... Мен ага кээде өзү чакырганда конокко барып турам. Бирок мекенине болгон кусалыгы бар. "Атамдын бейитине барып келсем болот эле", - дейт. Бирок ага уруксат бербей жатпайсыңарбы. Атасынын бейитине келүүсүнө уруксат бербей коюу... Бул маселени өлкө жетекчилиги менен талкуулап көрөбүз го", - деди Лукашенко.
Курманбек Бакиев, Кыргызстандын экинчи президенти 2010-жылдын апрель айындагы революциядан кийин Беларустун Минск шаарына барып отурукташкан.