УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев Кыргызстанда коррупция жана уюшкан кылмыштуу топторго каршы күрөш маалымат берип жатып, Чүй облусунун аймагында аткарылган иштерди тизмектеди.
Анын айтымында:
* 2023-жылы УКМКнын атайын операциясында жок кылынган кримтөбөл Камчы Көлбаевге (Камчыбек Асанбек) тиешелүү 30 млн долларга бааланган 850 батир мамлекетке кайтарылган жана ал элге ипотекага берилүүдө.
* Чүй облусунда убагында ар кандай жол менен жеке колго өтүп кеткен 100дөн ашык объект мамлекетке кайтарылган. 2025-жылы эле 12 миң гектардан ашык жер мамлекеттин карамагына алынган.
* "Аю Холдинг" компаниясынын ээси Абдыкеримовдун Аламүдүн районунда жайгашкан 300 гектар жери жана 100 млрд сомду түзгөн мүлктөрү мамлекетке кайтарылды.
"Бул биздин акыркы жылдары жасаган иштерибиз, мында Чүй облусу боюнча гана айтылды. Жалпы мамлекетте аткарылган ишти айтсам ондогон эсе көбөйөт. Башка жерлерде мындан да көп талап-тоноолор болгон”, - деди Камчыбек Ташиев.