Печать
Категория: Саясат
Просмотров: 305

2026-жылы ЖККУга төрагалык кылуу Кыргызстандан Россияга өтөт. Бул тууралуу президенттин администрациясынын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Сагынбек Абдумуталип билдирди.

Анын айтымында, 26-27-ноябрда Бишкек шаарында Жамааттык коопсуздук келишим уюмунун (ЖККУ) Жамааттык коопсуздук кеңешинин жыйыны өтөт.

Жыйынга уюмга мүчө-мамлекеттердин башчылары – Беларусь президенти Александр Лукашенко, Казакстан президенти Касым-Жомарт Токаев, Россия президенти Владимир Путин жана Тажикстан президенти Эмомали Рахмон катышат.

Булак: Кабар