Печать
Категория: Саясат
Просмотров: 405

 

Интернеттен алынды

Бакытбек Сүйүнбаев Талас облусунун Манас районунун жаңы акими болуп дайындалды. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, тиешелүү буйрукка президент Садыр Жапаров кол койгон.

Дайындалганга чейин Бакытбек Сүйүнбаев Сузак районунун акиминин биринчи орун басары болуп иштеген.

Буга чейин Эрмекбай Омошев 2025-жылдын 19-мартынан бери Манас районунун акими болуп иштеп келген.

Булак: 24.kg