Печать
Категория: Саясат
Просмотров: 400

Кытайдын тышкы иштер министри Ван И 19-ноябрдан 22-ноябрга чейин Кыргызстан, Өзбекстан жана Тажикстанга барат. Бул тууралуу Синьхуа агенттиги Кытайдын Тышкы иштер министрлигинин өкүлүнө шилтемеси менен билдирди.

Иш сапардын жүрүшүндө Ван И үч өлкөнүн тышкы иштер министрлери менен өзүнчө стратегиялык диалогдорду өткөрөт.

Сапар Кыргызстандын тышкы иштер министрлери Жээнбек Кулубаев, Өзбекстандын Бахтиёр Саидов жана Тажикстандын тышкы иштер министрлери Сирожиддин Мухриддиндин чакыруусу менен өтүүдө.

Ван И ошондой эле Кытай Коммунисттик партиясынын Борбордук комитетинин Саясий бюросунун мүчөсү болуп саналат.

Булак: 24.kg