
Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев жумушчу сапары менен Россия федерациясынын Москва шаарына барды.
Жумуш сапарынын алкагында министрлер кабинетинин төрагасы Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө мамлекеттердин өкмөт башчыларынын кеңешинин тар жана кеңейтилген курамдагы 24-жыйынына катышат.
Жыйында соода-экономикалык кызматташуу, каржылык өз ара аракеттенүү жана Кыргызстандын төрагалыгы алдында ШКУну мындан ары өнүктүрүү маселелери талкууланат.
Жыйындын соңунда бир катар документтерге кол коюлат.