Печать
Категория: Саясат
Просмотров: 406

Борбордук шайлоо комиссиясы 6-ноябрда Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкер катары өзүн-өзү көрсөткөн сегиз жарандын жана депутаттыкка катталган талапкердин шайлоого катышуудан баш тартуу тууралуу арыздарын карады.

Алар:

БШК жогоруда аталган жарандардын арыздарын эске алып, №23 шайлоо округу боюнча депутаттыкка талапкер болуп катталган Токтосун Султановдун жана анын ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн каттоосун жокко чыгарды. Ошондой эле Сабыржан уулу Самарбек менен Мамытов Талант Токтобековичтин ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн каттоосу жокко чыгарылды.

Эске салсак, шайлоо ушул жылдын 30-ноябрына өтөт. Үгүт иштерине 10-ноябрда старт берилет.

Булак: koom.press