Печать
Категория: Саясат
Просмотров: 211

УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев Балыкчы шаарына болгон иш сапарында мамлекеттин тонолуп кеткен байлыгынын 70 пайызга жакыны кайтарылганын билдирди.

Ал өлкө эмгемендик алганда СССРден калган завод-фабрикалар бир канча адамдын менчигине өтүп кеткенин белгилеп, аларды кайтаруу иштери жүрүп жатканын айтты.

"Ошонун негизинде мамлекетибизде миңдеген бай адамдар пайда болгон. Ал эми калган миллиондогон адамдарыбыз жакыр бойдон калып калган. Кийин да мамлекетти тоноо иштери уланган. Бийликке келгендер мамлекеттин байлыгын уурдай башташкан", - деди атайын кызматтын башчысы.

Ташиев президент мамлекетти күчтөндүрүү жана элдин жашоосун жакшыртуу тапшырмасын койгонун белгиледи.

"Бул үчүн финансы керек болчу. Анан ошол талап-тоногондордун тизмесин алып, алардын мамлекеттен алган байлыктарын кайтарганга аракет кылдык. Бүгүнкү күндө ошол таланган мамлекеттин байлыгынын 70 пайызга жакыны кайтып калды", - деп кошумчалады.

Булак: koom.press