Печать
Категория: Саясат
Просмотров: 301

Жогорку Кеңештин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоого катышуу үчүн талапкерлерди көрсөтүү аяктады. Бул тууралуу БШКдан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 30-октябрда саат 18:00дө Жогорку Кеңештин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоого көп мандаттуу шайлоо округдарынан талапкерлерди көрсөтүү мөөнөтү аяктады.

Жалпысынан шайлоону утурлай 589 талапкер көрсөтүлдү, анын ичинен эркектер - 365, аялдар - 224.

30-октябрга карата 168 талапкер катталды, 19 талапкер өзү шайлоого катышуудан баш тартты, 7 талапкерди БШК каттоодон баш тартты.

Жогорку Кеңештин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоо 30-ноябрда өтөт. Алдын ала тизмеге 4 млн 287 миңден ашык шайлоочу кирген.

Шайлоону утурлай өлкө боюнча 2492, чет өлкөлөрдө жалпы 91 шайлоо тилкеси түзүлдү.

Булак: Кабар