Беназир Нурланова экономика жана коммерция министринин орун басары болуп дайындалды. Бул тууралуу ведомстводон маалымдашты.
Тиешелүү тескемеге министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев кол койду.
Резюмеси
Нурланова Беназир Нурлановна 1995-жылдын 16-сентябрында Жалал-Абад шаарында (азыркы Манас шаары) туулган.
Экономика жана укук тармагында жогорку билимге ээ, ошондой эле КР президентинин администрациясында жана Экономика министрлигинде иш тажрыйбага ээ болгон.
Класстык чени — мамлекеттик жарандык кызматтын 3-класстагы кеңешчиси.
Эмгек жолунда экономикалык өнүгүү, мамлекеттик башкаруу реформалары жана социалдык-экономикалык саясатты өркүндөтүү боюнча стратегиялык демилгелерди иштеп чыгууга жана ишке ашырууга катышкан.
Мамлекеттик башкаруу жана экономика тармагындагы квалификациясын жогорулатуу боюнча бир катар кесиптик өнүгүү программаларынан өткөн.
Булак: Кабар