Печать
Категория: Саясат
Просмотров: 359

559488652_1527070165302943_214185489186383178_n.jpg

Жалал-Абад облусунун, Токтогул районунун администрация башчысынын биринчи орун басары Нурболот Кожобергенов кызматтан кетти. Бул тууралуу "Кабар" агенттигине райондук администрациядан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, Нурболот Кожобергенов 17-октябрда өз каалоосу менен кызматын тапшырган.

"Анын кызматтан кетиши Борбордук шайлоо комиссиясынын Токтогул, Кара-Көл, Таш-Көмүр боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү болуп дайындалганына байланыштуу", - деп айтылат маалыматта.

Булак: Кабар