Печать
Категория: Саясат
Просмотров: 303

23-октябрга карата 458 талапкер Жогорку Кеңештин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоого катышуу ниетин билдирди. Бул тууралуу БШКнын сайтында жарыяланууда.

Боршайкомдон маалымдашкандай, арыздарды кабыл алуу 30-октябрда аяктайт.

Жогорку Кеңештин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоо 30-ноябрда өтөт. Шайлоо алдындагы үгүт иштери 10-ноябрда башталат.

Алдын ала тизмеге 4 млн 287 миңден ашык шайлоочу кирген. 30-октябрга чейин шайлоочулар тизмеден өзүн такташы керек болот.

Шайлоону утурлай өлкө боюнча 2492 шайлоо тилкеси ачылат.

Булак: 7 канал