Мурдагы өкмөт башчы Феликс Кулов УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиевден Манас шаарынын мэри Эрнисбек Ормоков токмок жеген окуясы боюнча пикирин билдирди.
Куловдун айтымында, бул окуяда мыйзам бузуу же кемсинтүү белгилери жок.
"Юридикалык көз караштан алганда бул иште эч кандай административдик же кылмыш-жаза мыйзамдарын бузуу жок. Анткени аткаминер ага берилген “тарбия” үчүн ыраазычылыгын билдирген", — деп жазды ал социалдык тармактагы баракчасында.
Буга чейин Эрнисбек Ормоков “Кабар” агенттигине маек куруп жатып, Манас шаардык кеңешинин төрагасы экөө Камчыбек Ташиевден токмок жегенин ырастаган.
Эске салсак, 31-августта УКМК башчысы Камчыбек Ташиев Сузак районуна болгон иш сапарында Жалал-Абад шаарынын мэри менен шаардык кеңештин төрагасын да сабаганын айткан.
Булак: koom.press