Печать
Категория: Саясат
Просмотров: 600

Президент Садыр Жапаров "Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына (Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодексине, “Үй-бүлөлүк зомбулуктан сактоо жана коргоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына) өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" мыйзамына кол койду.

Мыйзам 2025-жылдын 11-сентябрында Жогорку Кеңеш тарабынан кабыл алынган.

Бул мыйзамдын максаты Аялдарга карата зомбулукту жоюу жөнүндө декларация боюнча (БУУнун Башкы ассамблеянын 1993-жылдын 20-декабрындагы 48/104 резолюциясы менен кабыл алынган) Кыргызстандын эл аралык милдеттенмелерин аткаруунун натыйжалуулугун жогорулатуу, Аялдарга карата басмырлоонун бардык түрлөрүн жоюу жөнүндө конвенцияны (Генералдык Ассамблеянын 1979-жылдын 18-декабрындагы 34/180 резолюциясы менен кабыл алынган), ошондой эле Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 16-сентябрындагы № 513 Кыргыз Республикасында гендердик теңчиликке жетүү боюнча 2022–2024-жылдарга улуттук иш-аракеттер планынын 8-максатынын 25.2-пунктун ишке ашыруу болуп саналат.

Мыйзам менен КР Укук бузуулар жөнүндө кодексине жана Кыргыз Республикасынын “Үй-бүлөлүк зомбулуктан сактоо жана коргоо жөнүндө” Мыйзамына төмөнкүдөй өзгөртүүлөрдү киргизүү сунушталат: