Печать
Категория: Саясат
Просмотров: 277
Министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары Данияр Амангелдиев Россиянын Кыргызстандагы элчиси Сергей Вакунов менен жолукту - Sputnik Кыргызстан, 1920, 16.10.2025

Министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары Данияр Амангелдиев Россиянын Кыргызстандагы элчиси Сергей Вакунов менен жолугушканын өкмөттөн билдиришти.

Сүйлөшүүнүн жүрүшүндө соода-экономикалык, энергетика жана маданий-гуманитардык чөйрөлөрдө кызматташуу маселелерин талкуулап, эки тараптуу алаканын учурдагы жагдайларын да талдашкан.

"Данияр Амангелдиев менен Сергей Вакунов Кыргызстан-Россия өкмөттөр аралык комиссиясынын Бишкекте өтө турган кезектеги жыйынына кылдат даярдык көрүүнүн маанилүүлүгүн белгилешти", — деп айтылат маалыматта.

Булак: sputnik.kg