Печать
Категория: Саясат
Просмотров: 419

ЖКнын экс-депутаты Эмил Жамгырчиев алдыдагы шайлоого катышпай турганын айтты. Ал буга чейин ЖК депутаттарын шайлоого катышууга талапкерлигин көрсөтүп, БШКга арыз берген болчу.

Бүгүн ал соцтармак баракчасына пост жазып шайлоого катышуудан баш тартканын жазды.

«Урматтуу менин колдоочуларым, катталуучуларым, бүгүн маанилүү жаңылык менен бөлүшкөнү турам. Үй-бүлөлүк шартка байланыштуу алдыдагы аламанга аттануудан баш тарттым. Мага ишеним артып, колдоп, жылуу сөзүн билдирип, алдыга сүрөп келген тарапташтарыма терең ыраазычылык билдирем! Бул чечимди кабыл алуу мен үчүн оңойго турган жок», — деп жазды ал.

Булак: govori.tv