Печать
Категория: Саясат
Просмотров: 174

Президенттин Иш башкармалыгынын башчысынын орун басары алмашты.

Президенттин Иш башкармалыгынын башчысынын орун басары Усенова Элмира Валентиновна өз каалоосу боюнча берген арызына ылайык ээлеген кызмат ордунан бошотулду.

Анын ордуна Мамырбаева Роза Курманбековна президенттин Иш башкармалыгынын жетекчисинин орун басары болуп дайындалды.

Тиешелүү тескемелерге президент Садыр Жапаров кол койду.