Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиев Бишкек шаардык кеңешинин депутаттарынын шаардык муниципалдык инспекциянын ишине жана жетекчилигине карата айтылган сынына комментарий берди.
“Айрым депутаттар ошол жерден майдаланып, убагында өчөшүп алган маселелерин чыгарып, ошол жерден өчүн алам деген аракеттери аларды көтөрбөйт деп ойлойм. Себеби азыр депутаттар менен мамилебиз жакшы. Бирок арасында ушундай айрым депутаттарыбыз бар чыгып алып эле… Казыбек Эргешов өзү үч чакырылыштын депутаты. Анда суроо, ал шаар үчүн эмне кылды эле? Мирлан Таалайбеков жетектеп баштаган Муниципалдык инспекция 3 айда көзгө көрүнүктүү иштерди жасады. Мисалы, “Орто-Сай”, “Аламүдүн”, “Ош” базары буга чейин кандай башаламан эле, азыр тартипке келтирилди”, — деди Жунушалиев “Биринчи радиого” берген маегинде.
Эске салсак, 7-октябрда Бишкек шаардык кеңешинин депутаттары жыйыга чогулган. Жыйын учурунда депутат Казыбек Эргешов Муниципалдык инспекциянын башчысы Мирлан Талайбековдун дарегине сын пикирин айтты.
Булак: govori.tv