Печать
Категория: Саясат
Просмотров: 270

Борбордук шайлоо комиссиясы  Жогорку Кеңештин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоого дагы эки талапкерден арыз түшкөнүн билдирди.

Маалыматка ылайык, бүгүн, 2-октябрда №22 шайлоо округу (Бишкек шаары) боюнча Эмилбек Абдыкадыров жана Дастан Бекешев талапкерлигин көрсөткөн.

Мындан сырткары буга чейин №2 шайлоо округунан (Кызыл-Кыя) Азамат Абсатаров, №15тен (Кербен) Мураталы Керимбаев, №24төн Улукбек Карыбек уулу, №1ден (Раззаков) Асел Набиева жана №22ден (Бишкек. Октябрь району) Болот Ибрагимов арыз тапшырышкан.

Ал эми №23 шайлоо округунан Элвира Сурабалдиева, №4төн (Ноокат) Ахмеджан Мамадумаров талапкерлигин койгон.

Эске салсак, Жогорку Кеңештин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоо 2025-жылдын 30-ноябрына белгиленген.

Булак: koom.press