Печать
Категория: Саясат
Просмотров: 205

Буга чейин бир округдан үч мандат берилери айтылган. Анын бир мандаты аялдар үчүн кепилденген. Эгер бир округдан алдыңкы үч орундукту тең айымдар ээлеп калса кандай болот?

Президент Садыр Жапаровдон жооп:

“Анда 3-орун эркекке берилет. Бул орун гендерлик теңчиликтин орду. Эгер биринчи эки орунду аялдар алса, анда 3-орунду эркектердин арасынан эң көп добуш алган эркек ээлейт. Кийин 3 депутаттын орундары бошосо, артында кезекте турган талапкерлер келе беришет. Мурдагыдай бошогон орундарга шайлоолор болбойт. Бул жерден да үнөм болот, бюджеттен чыгым болбойбуз. Мурда бошогон орундарга кайра-кайра эле шайлоо өткөрө берчүбүз. Бюджеттен 100 миллиондогон сомдор кетчү”, — деди Жапаров.

Булак: 7 канал