Печать
Категория: Саясат
Просмотров: 254

 

Молдажиев Казыбек Илияскарович мурда ээлеген кызмат ордунан бошотулуп, министрлер кабинетине караштуу Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинин директору болуп дайындалды.

Президенттик аппараттын басма сөз кызматы билдиргендей, тиешелүү буйрукка мамлекет башчысы Садыр Жапаров кол койду.

Буга чейин Казыбек Молдазиев президенттик аппараттын Президенттин жана министрлер кабинетинин чечимдеринин аткарылышын көзөмөлдөө бөлүмүнүн башчысынын орун басары болуп иштеп келген.

Айбек Абдымомунов Мамлекеттик дене тарбия жана спорт агенттигинин директору кызматын аркалаган.