Бүгүн парламенттин жалпы жыйынында «VII чакырылыштагы Жогорку Кеңештин өзүн-өзү таркатуусу жөнүндө» токтомунун долбоору каралып, эл өкүлдөрү аны колдоого алды.
Добуш берүүдөн кийин ЖК төрагасы Нурланбек Тургунбек уулу сөз алып, коомчулуктагы айтылган айрым кептер тууралуу өз пикирин айтып, кесиптештерине ыраазычылыгын билдирип, шайлоого аттана тургандарга ийгилик каалады.
Ошондой эле төрага кийинки шайлоо 30-ноябрда өтө турганын айтты.
Булак: govori.tv