Печать
Категория: Саясат
Просмотров: 418

Кечээ, 24-сентябрда Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары — УКМК төрагасы Камчыбек Ташиевдин катышуусунда жыйын болуп өттү.

Анда ЕАЭБден товарларды жасалма документтердин негизинде «Чалдовар-Автожол» өткөрүү пункту аркылуу алып кирүү боюнча коррупциялык схема аныкталгандыгы айтылып, Салык кызматынын 7 кызматкери, Чек ара кызматынын 6 кызматкери, Айыл чарба министрлигинин 7 кызматкери жана Транспорт министрлигинин 4 кызматкери кармалды.

Жыйын учурунда Ташиев транспорт жана коммуникациялар министри Абсаттар Сыргабаевге эскертүү берди. «Сен жөнүндө да маалымат бар. Түз эле айтып коёюн. Мына кечээки жасалып жаткан жумуштардан, подрядчылардан "Транспорт министрлигинин жетекчилерине акча бергенбиз" деген арыздар түшүп жатат.

Кудай сактасын, бул такталып кала турган болсо түрмөгө каматам, уктуңбу! Сен мени ойлобогунуң, аяп коёт экен деп. Эч кимди аябайм. Мага баары бир азыр. Эгер сени түрмөгө отургузсам, калган жетекчилер унчукпай эле иштеп калышат», - деди Ташиев.

Булак: Баракелде