Печать
Категория: Саясат
Просмотров: 348

Манас шаарын Кыргызстандын борбор шаары кылууну референдум аркылуу эл чечет, - деди министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары - УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев.

Ал Манас шаарын борбор кылуу боюнча азырынча жетекчилердин дагы, саясатчылардын дагы оюнда жок экенин белгиледи.

"Бирок, Манас шаары - Кыргызстандын борбору деп аталып калса соонун эле болмок. Эгерде ушундай маселе көтөрүлүп калса, анда аны кайсы бир саясатчы, жетекчи же кандайдыр бир топ эмес, референдум аркылуу эл чечиши керек.

"Манас шаарын Кыргыз мамлекетинин борбору кылууга макулсузбу" деп эле референдум кылып койсо эл өзү чечип коет", - деди ал.

Ташиев эл макул болсо борбор жылдырыла турганын, макул болбосо жылдырылбай турганын кошумчалады.

Булак: Кабар