Печать
Категория: Саясат
Просмотров: 240

 

{{ item.title }}

Азербайжандын премьер-министри Али Асадов Түрк мамлекеттер уюмуна мүчө мамлекеттердин өкмөт башчыларынын жана вице-президентинин жолугушуусуна катышуу үчүн Кыргызстанга келди. Бул тууралуу министрлер кабинетинен билдиришти.

Конокту "Манас" эл аралык аэропортунан министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары – суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри Бакыт Төрөбаев тосуп алды. 

Белгилей кетсек, ТМУга мүчө мамлекеттердин өкмөт башчыларынын жана вице-президентинин жолугушуусу 18-сентябрда Бишкек шаарында өтөт.