Печать
Категория: Саясат
Просмотров: 247

 

{{ item.title }}

Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев Түрк мамлекеттер уюмунун (ТМУ) башкы катчысы Кубанычбек Өмүралиевди кабыл алды. 

Жолугушуунун жүрүшүндө Уюмдун ишмердүүлүгүнүн артыкчылыктуу багыттары боюнча, ошондой эле үстүбүздөгү жылдын 18-сентябрына пландаштырылган ТМУга мүчө мамлекеттеринин өкмөт башчыларынын жана вице-президентинин жолугушуусун өткөрүү маселеси боюнча пикир алмашуу болду.

Кубанычбек Өмүралиев ошондой эле Кыргызстандын Уюмга төрагалык кылуусунун алкагында жүргүзүлүп жаткан иштер тууралуу маалымат берди.