Печать
Категория: Саясат
Просмотров: 179

Жогорку Кеңеш кийинки жумада өзүн-өзү таркатуусу мүмкүн. Бул тууралуу депутат Дастан Бекешев билдирди.

Бекешев Жогорку Кеңешти таркатуу тууралуу демилгеге кол койбогонун, ал эми учурда айрым саясатчылар шайлоо кампаниясына даярдык баштаганын кошумчалады.

Ошондой эле белглиүу болгондой, Жогорку Кеңеште өзүн-өзү таркатуу боюнча 30дан ашык депутаттан кол чогултулганы айтылды.

Эми демилге көтөрө турган депутаттык топ маселени парламенттин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укук маселелери жана Жогорку Кеңештин регламенти боюнча комитетинин жыйынына алып чыгып, колдоо тапса сессияда каралат. Эгерде өзүн-өзү таркатуу жөнүндө чечим кабыл алынса, парламент таркаган күндөн тартып беш күн ичинде президент мөөнөтүнөн мурда шайлоо дайындайт.

Булак: govori.tv