Печать
Категория: Саясат
Просмотров: 162

Бишкекте 18-сентябрда Түрк мамлекеттер уюмуна мүчө-мамлекеттердин өкмөт башчыларынын жолугушуусу өтөт.

Жолугушууга Азербайжадын премьер-министри Али Асадов, Казакстандын премьер-министри Олжас Бектенов, Кыргызстандын Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев, Түркиянын вице-президенти Жевдет Йылмаз, Өзбекстандын премьер-министри Абдулла Арипов катышат жана Түрк мамлекеттер уюмунун башкы катчысы Кубанычбек Өмүралиев катышат. 

Жолугушуунун жүрүшүндө артыкчылыктуу багыттарда: экономика, соода, инвестиция, транспорт, санариптештирүү, энергетика, айыл чарба жана башка тармактарда кызматташуу, ошондой эле аны мындан ары бекемдөө үчүн Түрк мамлекеттер уюмунун ишмердүүлүгүнүн механизмдерин жакшыртуу маселелери талкууланат.

Булак: Кабар