Печать
Категория: Саясат
Просмотров: 374
Жогорку Кеңеш

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын мүчөсү Гүлшаркан Култаева ээлеген кызматынан кетүү боюнча арыз жазды. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин Конституциялык мыйзамдар боюнча комитетинин төрайымы Чолпон Султанбекова билдирди.

Депутаттын айтымында, аталган комитет Гүлшаркан Култаеванын арызын белгиленген тартипте карайт.

Гүлшаркан Култаева 2025-жылдын 19-февралында Жогорку Кеңештин депутаттык ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтоткондон кийин БШКнын мүчөсү болуп шайланган. Эл депутатынын бош калган мандаты «Ата Журт Кыргызстан» партиясынан кийинки талапкер Гүлсүнкан Жунушалиевага өткөн.

Эске салсак, Гүлшаркан Култаева Жалал-Абад облусунун Аксы районундагы Ак-Суу айылында туулган. Ош технологиялык университетин бүтүргөн, буга чейин Жогорку Кеңештин депутаты болгон.

Булак: 24.kg