Печать
Категория: Саясат
Просмотров: 246

Жогорку Кеңештин Агрардык саясат боюнча комитетинин жыйынында депутат Эльдар Абакиров Чүй районундагы Шамшы жана Кегети дарыяларынын боюна таштандыларды сууга ыргыткандарды көзөмөлдөө үчүн видеокамераларды орнотууну сунуштады.

Депутат белгилегендей, ал жеке өзү бул аймактарды кыдырып чыгып, дарыяларда таштандылар өтө көп топтолгонун көргөн.

«Кадам сайын таштанды болот. Бул көйгөйдү тез арада чечүү керек. Анткени Шамшы, Кегети дарыяларында таштандылар көп, айылдагылар ушул сууну ичишет. Сууда желим, бөтөлкө жана ар кандай таштандылар аралашып кеткен. Сууга таштанды түшпөшү үчүн атайын торлорду орнотуу же башка бир система ойлоп табуу керек. Балким, Шамшы жана Кегети дарыяларынын боюна таштанды ыргыткандарды аныктоо үчүн видеокамераларды орнотуу керек. Бул көйгөй өлкө боюнча кеңири тараган», — деди депутат.

Булак: govori.tv