Кытай Эл Республикасынын төрагасы Си Цзиньпин Тяньцзинь шаарында өтүп жаткан Шанхай кызматташтык уюмуна (ШКУ) мүчө мамлекеттердин лидерлеринин жыйынында сөз сүйлөп жатып, уюмга мүчө өлкөлөр үчүн Кытай 2 миллиард юань (болжол менен 281 миллион АКШ доллары) грант бөлөрүн жарыялады.
Анын айтымында, бул каражат 2025-жылдын ичинде бөлүнүп, 100дөн ашык социалдык долбоорлорду ишке ашыруу пландалууда.
"Кытай ар дайым ШКУнун өнүгүүсүнө практикалык көз караш менен мамиле кылат. Бүгүнкү күндө Кытайдын уюмга мүчө мамлекеттер менен жылдык товар жүгүртүүсү 500 миллиард доллардан ашты", — деди Си Цзиньпин.
Ошондой эле ал Кытайдын ШКУга мүчө өлкөлөргө жалпы инвестициясы 84 миллиард доллардан ашканын белгиледи.
Булак: koom.press