Министрлер кабинети Тышкы иштер министрлигине караштуу «Е-Дипломат» мамлекеттик мекемесин түзүү жөнүндө токтом кабыл алды. Тиешелүү токтомго министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев кол койду.
Документ КР президентинин 2025-жылдын 19-июнундагы “Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигине караштуу «Е-Дипломат» мамлекеттик мекемесин түзүү жөнүндө» жарлыгын ишке ашыруу максатында иштелип чыкты.
Токтом менен Тышкы иштер министрлигине караштуу «Е-Дипломат» мамлекеттик мекемеси жөнүндөгү Жобо жана мамлекеттик мекеменин чектүү штаттык саны бекитилди.
Мекеме Кыргызстандын дипломатиялык кызмат органдарынын ишмердүүлүгүн уюштуруу-техникалык жактан коштоону жүргүзөт, ошондой эле санариптик инфраструктуранын жана маалыматтык системалардын иштешин жана өнүгүшүн камсыз кылат.
Булак: govori.tv