2020-жылдын 16-октябрында Камчыбек Ташиев Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы болуп дайындалган.
Ал өзү бир кезде айткандай "мамлекет духу күчтүү адамдардын" колуна өткөндө кандай болуп өзгөрөөрүн жана "күчтүү дух - жеңиштин жарымы" экенин далилдеди.
Кызматка чейин жана кызматтан кийин – көз карашы, пикири, аракеттери канчалык өзгөрдү? Кечээ айткан сөздөрүнүн бүгүн өтөөсүнө чыга алдыбы же сөз жүзүндө кала бердиби? Бул суроолорго жооп табуу максатында, архивди аңтарып көрдүк.
2020-жыл. Октябрь. “Мекенчил” партиясын жетектеп парламенттик шайлоого аттанган учуру.
Анда Камчыбек Ташиев Кыргызстанды түгөл кыдырган жана ар бир аймактагы эл менен жолугушууда бир катар билдирүүлөрдү жасаган.
Чек ара
2020-жыл.
- Биздин программада чек ара маселеси башкы орунда турат. Бул мамлекеттеги эң приоритеттүү маселеге айланууга тийиш. Демаркация, делимитация маселелерин тезинен бүткөрүп, элдин коопсуздугун камсыздашыбыз керек. Чек арага жакын аймактарда жашаган элдин социалдык маселелерин чечүү өкмөттүн иши. Бирок элдин абалы да өкмөткө бейтааныш. Маселелерин көрбөсө билишпейт, билишпесе чечишпейт, эл болсо кыйнала берет.
Бүгүнкү күндө:
2021-жылдын март айында кыргыз-өзбек чек арасынын 30 жылдан ашуун убакыттан бери талашта келаткан тилкелери такталып, толук кандуу чечилгени маалым болду.
2025-жылдын 13-мартында президент Садыр Жапаров билдирүү таратып, Кыргызстан менен Тажикстандын ортосунда 101 жылдан бери чечилбей келаткан чек ара маселесине чекит коюлганын жарыялады.
Бул эки тарыхый окуянын башында Камчыбек Ташиев турду.
“Ак жакалуу” чиновниктер
2020-жыл:
- Элдин көйгөйлөрүн билүү үчүн өкмөт башчы жок дегенде бир жолу ал аймакка барып, кыдырып чыгышы керек. Айына эки-үчтөн районго барышканда деле бүт Кыргызстанды кыдырып чыгышмак. “Миң уккандан бир көргөн” дейт, өз көздөрү менен көрүп, элдин оозунан чындыкты угушса, өнүгүүгө, өсүүгө өбөлгө болбойт беле.
Жооптуу кызматта иштегендердин, эл тагдырын моюнуна жүктөгөндөрдүн эртең менен 9да ишке барып, кечинде 6да кайтып, ак көйнөк кийип, галстук тагынганынан мамлекетке пайда жок. Эгер ал эл үчүн жүрөгүнөн күйүп-жана албаса. Мына ушундайлардын айынан элдин маселеси көбөйдү.
Бүгүнкү күндө:
4,5 жылда Камчыбек Ташиев өлкөнүн бир катар аймактарын кыдырды. Ал Ош, Жалал-Абад, Кара-Балта, Нарын шаарларына, Баткен, Чоң-Алай, Ноокат, Өзгөн, Кадамжай, Сокулук, Ак-Суу , Токтогул райондорун кыдырды. Ал турмак эзели “чоң” аттуунун буту басып барбаган, тынч учур гана эмес, депутат болом дегендер аска зоого чыгууга да даяр болуп турган шайлоо өнөктүгүндө да бир талапкер көз кырын салбаган алыскы Чаткалга да жетти. Андан сырткары, Бишкектеги мурдагы М.В.Фрунзе атындагы 100 жылдык тарыхы бар машина куруучу заводго, Ош шаарындагы Терешкова атындагы мектепке, республикалык спорт коллежине, Жалал-Абаддагы көркөм-сүрөт жатак мектебине ж.б. барууга убакыт тапты. Барган жерлеринде эл менен жолугушуп, көйгөйүн укту, маселесин жеринен чечти, мыйзамсыз иштерге барган жетекчилерди каматты, жасалып жаткан иштер менен таанышып, кемчилиги болсо, аны жоюуну тапшырды.
Ушунча иш сапар мамлекеттин эң жооптуу, кооптуу, бир мүнөт көзөмөлсүз калтырууга болбогон, бир мүнөт бош убакыт бербеген милдетин аркалоо менен айкалыштырылганы эске алынууга тийиш.
Коррупция
2020-жыл:
- Мамлекеттеги менчиктештирүү учурунда көп байлык саналуу адамдардын колунда калды. Эмнеге бир адам он-жыйырма завод менчиктештирген да, экинчи адам бир кирпич да ала алган жок? Мисалы, мен дагы мамлекеттер бир кирпич, бир сотых жер алган эмесмин.
Менчиктештирүү коррупциялык схема менен ишке ашкан. Андагы эл байлыгын өзүмдүк кылып алгандар дагы да тое элек. Эми башка жагынан элдин ырыскысын жулуп жеп жатышат. Мындай коррупционер аткаминерлерди өлкөдөн тазаламайынча, эл байыбайт. Мамлекет азыркы абалында “өлбө жаным, өлбө” болуп сапарын улай берет. Жылдан жылга алсызданат. Беш-он жылда жакшы жашап калабыз деген үмүт болсо, мамлекет өргө кыбырап болсо да тырмышып жатса, мен түшүнөт элем, ошол убак келгиче чыдайт болчумун.
Бирок андай эмес. Биз артка кетип жатабыз. Мындан чыгуунун бир жолу – элим, жерим деп, мекендин бүт түйшүгүн көтөрүүгө даяр турган инсандарга жол бериш керек.
Жүрөктүүлөр, мекенге күйгөндөр аз эмес, бирок алар бийликке бара албай жатат. Ар бир жараныбыз бирөөнүн чачпагын көтөрө чуркабай, адилеттүүлүк, тактык үчүн тик турган элибиздин кырааны болсо экен дейм.
Бүгүнкү күндө:
Күнүмдүк жашообуз кайсы бир “колу кир” УКМК тарабынан камакка алынганы тууралуу кабарга толду. Алар мамлекетке келтирген зыянды төлөп да беришти, темир тор артына да кетишти. Андан соң коррупцияга каршы күрөштүн экинчи фазасы башталды – мыйзам катаалдашты.
Ага ылайык, коррупция менен кармалгандар айыппул төлөө менен бошонуп кете албайт. Алар сөзсүз түрдө абакта жаза мөөнөтүн өтөйт. Андан тышкары, алардын жакын туугандары, ата-энеси мамлекеттик кызматта иштесе, кызматтарынан четтетилет. А коррупция беренеси менен соттолгон адам өмүр бою мамлекеттик, муниципалдык кызматтарга жолой албайт.
Мекен үчүн ак кызмат
2020-жыл:
- Мен силерге бир сом бербейм. Добушуңарды сатып алууга аракеттенбейм! Бирок бийлик берсеңер, силер үчүн жүрөгүмдү, акылымды, билимимди, эмгегимди берем! Ар бир добушуңар Алла Тааладан бизге берилген аманат! Бир добуш - бир өмүр, бир жашоо, тууганым! Кудай буйруса, аманатыңарга кыянаттык кылбайбыз! Аманатыңарды бийик көтөрүп ак кызмат кылып беребиз!
2024-жыл:
- Биздин жасап жаткан иштерибиз элге бүт ачык көрүнүп турат. Эгемендикке ээ болгондон бери элдин талап-тоноп келе жаткан уурулардан өндүрүлүп жаткан каражаттар биринчи кезекте калктын социалдык турмушун жакшыртууга жумшалып жатат. Ар бир региондо үйго муктаж жарандар үчүн ипотекалык үйлөрдүн курулушу, жаңы салынып жаткан мектептер, бала бакчалар, жолдор ушул ишибиздин жыйынтыгы. Бир эле аскердик тармакты ала турган болсок, акыркы 2 жылда армиябызды күчтөндүрүүгө 2 миллиард доллардан ашык каражат жумшалды.
Баарын тарых өзү таразалап алат. Жеке мен турганда мамлекеттин бир да тыйынын сол чөнтөккө урдурбайм, бир сомун дагы жедирбейм. Буга мен жүз пайыз кепилдик берем! Мунун баары эл үчүн!