Президент Садыр Жапаров Бишкек жана Ош шаарларындагы түрттүрүлүп жаткан үйлөр тууралуу пикирин "Кабар" улуттук агенттигине билдирди.
Ал 2021-жылга чейин басып алынган жерлерге курулган үйлөрдү мыйзамдаштырууга туура келгенин, анткени, алар айыл-айыл болуп, 10 миңге жакын түтүн экенин белгиледи.
"Андан кийин эмне болду дебейсизби? Өзүңүз суроо бергендей жергиликтүү бийликтегилерге да, алар менен чогуу иш кылган шылуундарга да кудай берди. Жергиликтүү бийлик бош жаткан жерлерди мурда берилип кеткен кылып үйлөрдү салганга шарт түзүп беришти. Албетте, чөнтөк кызыкчылыктары үчүн. Шылуундар болсо жасалма документ менен карапайым элди алдап сатып ийген фактылар аныкталды.
Кийин баары кармалып, камалышты. Мисалы Аламүдүн районунун акими жана башка орто чиновниктер, шылуундар камалышты. Мындай мисалдар көп. Анан "шустрый" жарандарыбыз пайдубалын куюп, айрымдары дубалын көтөрүп, алды чатырын жаба салышып, мен мурда эле кургам деген шылтоо менен "акыры мыйзамдаштырып берет да" деген максат менен ар кандай курулуштарды кура салгандар көп. Албетте, арасында чынчыл жарандарыбыз да болушу мүмкүн. Бирок, көпчүлүгү 2021-жылдан кийин үй же болбосо ар кайсы багыттагы күркөлөрдү сала калгандар.
Эгер биз алардын баарын мыйзамдаштыра берсек, анда көндүм адат болуп бара-бара айдоо жерлерибиз калбай калат.
Өзүбүздү өзүбүз тамак-аш менен камсыз кыла албай башка өлкөлөрдүн көзүн карап калабыз. Ансыз деле бүгүнкү күндө айрым тамак-аштын түрлөрү боюнча өзүбүздү өзүбүз камсыз кыла албайбыз", - деди президент.
Мамлекет башчы үйлөрү түрттүрүүгө учураган жарандардын башка турак жайы жок болсо, Мамлекеттик ипотекалык компаниядан кезексиз батирлер берилээрин кошумчалады.