Печать
Категория: Саясат
Просмотров: 347
Жапаров Садыр Нургожоевич, биография

Эл аралык «Орусия тынчтык фонду» коомдук уюму Кыргызстандын президенти Садыр Жапаровду, Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёевди жана Тажикстандын президенти Эмомали Рахмонду Лев Толстой атындагы Эл аралык тынчтык сыйлыгына көрсөттү. Бул тууралуу фонддун төрагасы Леонид Слуцкий калыстар тобуна жөнөткөн расмий кайрылуусунда билдирген.

Анда Слуцкий аталган лидерлердин эл аралык укуктун принциптерине таянып, аймакта туруктуулукту сактоо, көп полюстук дүйнө куруу жана коңшу элдер менен өз ара түшүнүшүү жана кызматташтыкты бекемдөө боюнча салымын баса белгилеген.

Анын айтымында, 2025-жылдын 31-мартында Худжанд шаарында өткөн үч өлкөнүн лидерлеринин саммитинде чек ара маселелери боюнча маанилүү келишимдерге кол коюлуп, бул аймактагы туруктуулукка жана эл аралык кадыр-баркты бекемдөөгө жол ачкан.

Слуцкий ошондой эле Борбор Азия мамлекеттеринин визасыз режимди түзүүгө жана туристтик мүмкүнчүлүктөрдү өнүктүрүүгө багытталган аракеттерин да жогору баалады.

Эске салсак, Лев Толстой атындагы Эл аралык тынчтык сыйлыгы дүйнөлүк коопсуздукту бекемдөө, адам укуктарын жана тынчтыкты коргоо жаатындагы аракеттер үчүн ыйгарылат.

Булак: koom.press